Бишкек шаарында зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-мартта саат 18:30 чамасында Гоголь көчөсүндө жайгашкан мейманканадан чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.