Ош жана Жалал-Абадда тоноочулук фактылары боюнча кылмыштардын бети ачылды

Ош шаарында тоноочулук фактысы боюнча кылмыш ишинин бети ачылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында Ош шаардык милициясына белгисиз жаран күч колдонуп, жабырлануучунун кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алганы тууралуу арыз келип түшкөн. Иликтөө иштеринен соң Ош шаардык ИИБдин кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелип Өзгөн районунун 18 жаштагы тургуну А.Т. колго түшүрүлдү. Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Жалал-Абад облусунда да катталып, анда 35 жаштагы адам күч колдонуп 25 жаштагы жергиликтүү тургундун уюлдук телефонун тартып алган. Учурда аталган кылмышкердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан