Бишкекте унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар короосунда турган Мерседес үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Ошондой эле борбор калаанын 52 жаштагы тургуну да милицияга кайрылып, Бишкектеги Серафимов көчөсүндө турган КИА үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан.
Аталган фактыга шектелип Ысык-Көл облусунун 18 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы А.Э. аттуу тургундары, Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.Б., Нарын облусунун 18 жаштагы О.Б., Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы Т.С., Баткен облусунун 19 жаштагы К.Ж. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектелген жарандардын буга окшогон фактылардын бир канчасына тийиштиги бар экени билинди.