Айрым депутаттар статус боюнча вице-премьер-министрлерден жогору турууну каалашууда

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик протокол тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул долбоорго ылайык, статусу боюнча президенттен кийин премьер-министр турат. Ал эми депутаттардын статусу вице-премьер-министрлердикинен жогору деп өзгөртүлмөкчү.

Өкмөт өкүлү бул мыйзам долбооруна өкмөт тарабынан каршы корутунду берилгенин билдирди. Ал мамлекеттик протокол жөнүндө мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү пайдасыз экенин айтты.

Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөттүн корутундусуна каршы чыгып, аталган мыйзам долбоору парламенттин буга чейинки чакырылышы тарабынан демилгеленгенин жана 1-2-окууда кабыл алынганын эскертти. "3-окууда редакциялык өзгөртүүлөр гана киргизилиш керек. Эгер долбоордун концепциясын өзгөртсөк, анда регламентти бузган болобуз",- деп баса белгиледи Алтыбаева.

Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн позициясын колдой турганын билдирди. "Логикага таянсак, премьер-министр иш сапары менен чет өлкөгө кеткенде, анын ыйгарым укуктарын вице-премьер-министрлер аткарышат. Ошондуктан мамлекеттик ишмердин жоопкерчилигине карата протокол калыш керек",- деди Иманалиев.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда кароого кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан