SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Төрөтүү үчүн куурчакты пайдаланышат экен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka).
Видеодон Ванкувердеги төрөтканаларда акушердик адистикти өркүндөтүү үчүн атайын куурчакты пайдаланып сабактар өтүлүп жатканын көрөбүз. Адистер куурчакты түзүлгөн кырдаалга ылайыктап, өздөрүнүн адистик билимин, оперативдүүлүгүн өстүрүшөт.
Акушер Николь Лавои бул тууралуу: "Биз медайым катары дайыма бейтаптарга жардам берүүгө аракет кылабыз. Куурчак айым улам "ооруп жатат, ооруп жатат" деп жатты, мен ага аябай жардам бергим келди. Бул жөн гана желим куурчак менен аракет эмес, чыныгы бейтап менен эмоционалдык байланышты түзүүгө жардам берди",- дейт.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.