Кипр мамлекетинин башчысы Никос Анастасиадис: "Учакты басып алуу боюнча окуянын терроризм менен байланышы жок"

Бүгүн, 29-мартта белгисиз адамдар Египеттин өлкө ичинде каттамга чыгуучу жүргүнчү учагын абадан басып алышканын чет элдик ММКлар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, учакта 55 адам бар болгон. Алардын арасында жаш балдар бар экени айтылууда. Учак Александрия шаарынан Каир шаарына учуп бара жатканда жергиликтүү убакыт менен саат 8:30да басып алынганы кабарланган. Алар экипаж мүчөлөрүнөн учакты Кипр мамлекетинин Ларнака шаарындагы аэропортуна кондурууну талап кылышкан жана бул талаптары орундалбаса, учакты жардырышарын эскертишкен. Учурда учак Ларнака аэропортуна кондурулду. Басып алган белгисиз адамдар учак ичинен 20 чакты аял менен балдарды бошотушту. Ал эми учакты басып алган адам АКШнын Ибрагим Абдель Тавап Самаха аттуу жараны экени айтылууда.

Учакты басып алган жаран сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы 5 адамды бошотууга макул болду. Ошондой эле Кипр мамлекетинин башчысы Никос Анастасиадистин "бул болуп жаткан окуянын терроризм менен байланышы жок, учакты басып алган адам жеке себептери менен ушул жолго барып жатат" деген билдирүүсүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Египет президентинин басма сөз бөлүмүнөн "учакты басып алган Саиф ад-Дин Мустафа аттуу жаран" деп башка атты айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
advert
2016-03-29 14:33:51
самалетту басып алган
30 жаштагы АКШнын гражданин экен
+2
advert
2016-03-29 14:38:39
жашы 30да эмес экен, 50 жашта экен примерно
+2
asanbai89
2016-03-29 14:42:12
Эмнеге басып алыптыр
+2
Futuro
2016-03-29 14:42:27
Ким басып алса да жазасыз калбайт!!!
+2
nurik2103
2016-03-29 15:05:55
Ибрагим Самаха, 50 жашта, Америкада Медицинский университетте окуйт экен,
+4
Abdurahman
2016-03-29 15:22:21
ач отур тынч отур дечи эле аталарыбыз ошо чын да
+3
nurik2103
2016-03-29 15:26:44
терорист эмес, суйуу жиндиси экен бир айалдын айынан ушул жолго барыптыр деп атышатко, каарыганда каяктагы суйуу дейин десен Мотуев да журот суйдум гуйдум деп
+2
cimba
2016-03-29 15:29:13
kandagar kinosundai bolupturgo
+1
Pandora
2016-03-29 15:29:23
Тынчылык эле болсунчу дуйнодо.
+3
ere
2016-03-29 15:48:28
жардыруу барымта басып алуу эмне деген заман???
+1
nurik2103
2016-03-29 16:16:41
акркы жанылыктардан,

барымтага алган делген Ибрагим Самаха самолеттон бошотулган адамдар менен кошо тушту, корсо ал эмес экен, самолетту барымтага алган адам Египеттин жараны Сайфаддин Мустафа 58 жашта мурунку аялы Кипрде жашайт экен ошон учун кипрге кондуруптур самолетту. самолетто эч кандай бомба жок экенин подтверждать этишти, эмне максатта бул кадамга барганын билиш учун суйлошкону самолетко бир адам суйлошууго жиберилди
+2
AKCAHAT
2016-03-29 16:37:01
Романтик ошойт ошончо гилтейген самолётту багытын озгортсо суйуусу куч экен.
+4
dasta
2016-03-29 16:49:10
Акчасын батыра албагандар копда коркпой ушул ишке кантип барды екен
+2
aichurok5
2016-03-29 16:58:35
Экс аялын аэропортко алып кетип жатышаткен дагы не дейт экен короб узго. ....
Бул жерде башка себеп болсо кк???
+2
ofiser26
2016-03-29 20:32:31
Кырксын жаман.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан