Чүй облусунда “жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 18-март күнү саат 21:30 чамасында Аламүдүн районунун Теңдик айылына бурула турган жерден айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, өзү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракаттарынын улам окуя болгон жерден каза тапкан. Иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну экени аныкталган. 28-март күнү аталган кылмышка шектелип Теңдик айылынын 34 жаштагы Ч.К. аттуу тургуну кармалып, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.