Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо өтүүдө. Соттук кароодо күбөлөр кезек-кезеги менен залга чакырылып суракка алынууда.
Суракка Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Тургуналиев чакырылды. "Шектүү катары кармалган айыпталуучу 10-декабрда бул кылмышты кылганын мойнуна алган. Ал оперкызматкерлердин коштоосунда алгач Селекция айылына барган, себеби бала ошол жакта экенин айткан. Барганыбызда бала ал жакта эмес экени аныкталган. 11-декабрдын түнүндө баланын сөөгү Сокулук районундагы айылдан, жолдон далдоо жердеги 1,5 метрдей тереңдиктеги арыктан табылган. Ошол күндөрдө кар жаагандыктан, бала кар астында жаткан, биз аны таппайт болчубуз. Аны айыпталуучу өзү көрсөтүп берген. Кийин ал таштын алдынан акча талап кылып СМС жиберген уюлдук телефонду да таап берген",- деди Тургуналиев.
Буга айыпталуучу: "Мени ур-токмокко алып жатып мойнума илип коюшту. 10-декабрда мени кармап кеткенден кийин милиция кызматкерлери чечинтип, үстүмө жеңил плащ кийгизип талаага алып барышты. Бала табылган жерден мен кыйкырынган жерлерди, айтып, көрсөткөн жерлерди видеого тартпай жатышты. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин", - деди Акунова.
Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.