Бүгүн, 29-мартта "Биз миллион панфиловчубуз!" Тынчтык вахтасынын желеги Бишкек шаарынан Саратов шаарына өткөрүлүп берилди. Иш-чара КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында башталып, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун неберелери жана Саратов шаарынан келген атайын өкүлдөр ушул жерде жолугушту. Андан ары сапар Панфиловдун атын алган сейил бакты көздөй уланып, Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюлду.
Иш-чаранын башкы максаты - Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөндөрдү даңктоо, кийинки муунга мекенди сүйүү боюнча тарбия-сабак берүү. Иш-чаранын алкагында студенттер ардагерлер менен жолугушуп, конференция орун алды. Ошондой эле И.Панфиловду жакындан тааныгандарга, уюштуруучуларга сөз берилди.
Кошумчалай кетсек, ушундай эле аталыштагы иш-чаралар Орусия жана Казакстандын да бир катар шаарларында болуп жатат. Бишкек "Биз миллион панфиловчубуз!" иш-чарасына катышып жаткан 7-шаар болуп калды. Акция ушул жылы Москванын алдындагы согуштун 75 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө арналган иш-чаранын алкагында жыйынтыкталат.