Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы аскердик даярдыктарды жүргүзгөн борбордук базада кызматын шашылыш өтөгөн жана жогорку билимге ээ аскер кызматкерлеринин катышуусунда офицерлерди даярдоо боюнча окуулар башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы маалымдады.
Аскер кызматкерлери командирлерди даярдоо программасынын алкагында теориялык жана практикалык окуу процесстерин өткөрүшөт. Алсак, атайын тактика-усулдук, укуктук, жалпы мамлекеттик, ок атуу, физикалык даярдоо жана Куралдуу күчтөрдүн жалпы аскердик уставындагы жоболор боюнча. Окуу процесстеринин жыйынтыктоочу этабында өтүлгөн темалар боюнча сынак болот. Анын жыйынтыгы менен татыктуулары "лейтенант" деген офицердик наам алышат. Даярдыктар 2016-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталат.