Бүгүн, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча экинчи соттук кароо болуп өттү. Соттук кароодо күбөлөр суракка чакырылып, айыпталуучунун кармалган учурда берген видеокөрсөтмөсү көрсөтүлдү.
Прокурор 7 жаштагы баланын муунтулуп өлтүрүлүшү боюнча М.Акунованын күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгиледи: "Учурда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай жатканы менен, тергөө амалдарынын жүрүшүндө, күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнө ылайык анын күнөөсү далилденди. Эң баалуу адамдын өмүрү кыйылып, жабырлануучу тарап баласынан айрылгандыгын эске алуу менен айыпталуучуну 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнөм".
Судья жабырлануучу тарап буга макул же макул эместигин сураганда А.Макелеева бул чечимге макул эместигин билдирди. "Мен жалгыз уулумдан айрылдым, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнөм",- деди ал.
Ал эми айыпталуучу: "Мени бала өлтүргөн деп эч ким актабайт, мен кимге актанмак элем? Болгону энелик укуктан ажыратпоону суранам",- деп судьядан өтүндү.
Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.