Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти өлкөдөн качып кеткен соң өзүн өлкө башчы деп жарыялаган “Селека” коалициясынын башчысы Мишель Жототия өлкөнүн Конституциясын жокко чыгарып, парламентти таркатты. Жаңы лидер өлкөдө өткөөл мезгил башталганын да жарыялады. Эми кайрадан шайлоолор өтүп, абал турукташканга чейин өлкөнү өзү башкарып турарын айтты ал. Эске сала кетсек, 23-мартта көтөрүлүшчүлөр республиканын борбору Банги шаарындагы президенттик сарайды басып алышып, өлкө президенти Франсуа Бозизе Камерунга качууга аргасыз болгон.