Жалал-Абадда коомдук, саясий ишмер Асилбек Текебаевдин өмүр жолун баяндаган китептин бет ачары өттү

Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарында коомдук, саясий ишмер Асилбек Текебаевдин жаркын элесине арналган журналист Кудайкул Жусуповдун "Асилбек Текебаев: "Ата Мекен - элим-жерим, канатым, Бүт өмүрлүк айтып бүткүс санатым..." деген китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Асилбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева, бир тууган агасы Өмүрбек Текебаев, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышты. Китептин автору бизге буларды билдирди:

"Асилбек экөөбүз бирге эр жеттик, бирге окуп, журналистика майданында бирге эмгектендик. Тирүү болгондо бүгүн 55 жашка чыкмак. Асилбек Текебаев коомдук, саясий ишмер катары эгемен кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн жан үрөп күрөштү. Ал 2002-жылкы Аксы окуясы учурунда, 2005-жылкы революцияда, 2010-жылкы Апрель революциясында оппозициянын түштүктөгү күжүрмөн жоокери катары кызмат өтөгөн. Анын өмүр жолу жаш муунга үлгү болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nasi1981
2016-03-30 09:22:25
Коомдук саясий ишмер, Кадыржан Баатыровдун санаалашы экени жазылбай калыптыр.
+3
ofiser26
2016-03-30 11:04:22
Nasi1981, эн туура жазыпсыз.
+2
admin_portal
2016-03-31 18:21:37
Toloykon, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан