26-мартта жааган катуу жамгырда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Прохладный айылындагы 15 үйдү суу каптап, зыянга учуратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Уланбек Танабаевдин айтымында, министрликке табият кырсыгы тууралуу саат 18:30да билдирүү келип, саат 22:30да үй ичиндеги суу сордурулуп чыгарылган. Учурда кырсыктын айынан келтирилген зыян такталып жатат.