"Москвада мекендештерин тоноп жүргөн" деп шектелип Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун тургундары кармалышты

Москвада кыргыз жарандарынын батирине кирип каракчылык кылган жаран кармалды. ИИМдин билдиришинче, 2-марттан 24-мартка чейин Москва полициясына азиат түспөлүндөгү жигиттин куралчан каракчылык кылып жүргөнү тууралуу көп кайрылуу түшкөн.

8-мартта Москвада жашаган кыргыз мамлекетинин жаранына 25 жаштардагы жигит менен кыз (өздөрүн күйөөсү жана аялы катары тааныштырып) кайрылып, үйүнө түнөтүүнү өтүнүшкөн. Үй ээси ичкери киргизгенден 15-20 мүнөттөн кийин кыз менен жигит чүмбөт кийишип, үй ээсин - 53 жаштагы аялды бычак менен коркутушуп 16 500 рубль акчасын, 20 000 рублдук планшетин, 3 500 рублдук эки телефонун алып кетишкен.

Ушундай эле даттануулар 13, 17-март күндөрү башка жарандардан да түшкөн. Полиция 29-мартта аталган кылмыштарга шектүү адамдарды кармады. Маалыматка таянсак, шектүүлөр: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган тургуну С. уулу Э. жана Өзгөн районунун 1989-жылы туулган тургуну И.Н.

Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык тапанча, 6 даана уюлдук телефон, планшет жана башка буюмдар табылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
boston___
2016-03-30 11:30:38
Тарбия корбогон ХХХХ бироонун кукуртун алышка ойлоносун сурабай туруп
0
admin_portal
2016-03-30 11:39:03
boston___, этика нормаларын сактаңыз!
0
Arslan12
2016-03-30 11:42:10
Толтура ушуга окшогон бандит соройлор чёрныйбыз деп алышып бироонун тамагын андып жеген айрыкча Москвада абайлагыла, булардын жазасын берсин!
+1
Arslan12
2016-03-30 11:48:58
Балык кармаган байкушту толук аты жону, Адам тоногон бандиттин аты жонун толук жазбайсынарбы эл-журт корсун бетин ачып адилеттуулук дагы керек да!
0
admin_portal
2016-03-30 11:55:39
Arslan12, саламатсызбы!
Кылмышка шектүүнүн аты-жөнү күнөөсү далилденмейин аталбайт. Кээ бир кылмышкерлердин аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен гана жарыяланат.
0
Zarger59
2016-03-30 12:05:08
Тоноп жаткан кезде кармалган эмеско факт жокко. Кочодон кармап чонтогунон пневматика чыкса алар жон эле жургон балдарго куру дооматко
0
boika85kg
2016-03-30 19:54:47
Zarger59,однаклассниктен корсонор болот толук маалыматты камерага тушуп калганго рекеттер
0
nurik77777
2016-03-30 12:25:21
Ана Москва хана Москва болуптур да.
0
lolo.1
2016-03-30 15:00:18
nurik77777,хана эмес мына десен
0
Pandora
2016-03-30 12:43:54
Эркин жургон жакпаса,темир тордун артында отургула.
0
leonar
2016-03-30 12:50:37
Тапанча жонокой адамдын жанынан чыкпайт да, анан да ошол жабыркаган аял таанып отурса. Кыргыз экен, чет жерде тундо кочодо калбасые деп уйуно киргизсе, кылган ишин. Башка улуттарга кире алышмак эмес да.
0
Akkaynt
2016-03-30 13:27:49
Ботон жерде жон журуш керек да ушундай акмактардын айынан канча кыргыз жабыр тартат
0
kgmiko
2016-03-30 13:36:30
Тарыхка ромео менен жулиеттанын карачылыгы деп жазсакбы
0
Tologon_myrza
2016-03-30 13:58:01
Ушинтип оз жердештерин тоноп жургондон коро алты саны аман оз мээнети мн акча тапса болмок, не кыргыздын жарандары жыргаганынан журо беле
0
Inna_91
2016-03-30 14:55:02
Атын чыкпаса гор каз.
0
lolo.1
2016-03-30 15:00:36
Жетимдееер
0
nuri2605
2016-03-30 15:03:37
Кудайым ай, алыста ак эмгек менен иштеп жаткандардын тапканына береке бере кор, оздоруно насип кыла кор.
+1
erikkarakulja
2016-03-30 22:03:01
Кыргыздын атын булгадынарда
0
football1
2016-03-30 22:41:26
Суроттогу беттерин корсотуп койгулачы, Москвадагы кыргыздар бул "баатырларды" биле журсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан