Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн балык кармап жаткан жаранга 140 миң сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-март күнү аталган инспекциянын жана Балык чарба департаментинин адистери биргелешкен рейд уюштурушкан. Анын жүрүшүндө саат 23:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн уруксаты жок балык кармаган жаран кармалган. Бул жаран Чолпон айыл өкмөтүнүн Оро-Башы айылынын 1991-жылы туулган Жаныбек Шайлообек уулу аттуу тургуну болуп чыккан. Ал мыйзамсыз түрдө 141 даана сига балыгын кармаган. Бул боюнча жеринде инспектор протокол түзүп, Шайлообек уулуна 142 410 сом айып салган. Кармалган адам Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.