Таш-Көмүрдө 3 жумадан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 23 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кызды издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүшүүдө. Азырынча издөө иштери өз натыйжасын бере элек. Буга чейин кызды издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары да жүргүзүшкөн, бирок кыз табылган эмес.

Айта кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан