Кыргызстанда социалдык мекемелерди курууга быйыл 2 миллиард 400 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу 26-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев курулуш мекемелерин каржылоо маселесине арналган жыйынында билдирди. Белгилүү болгондой, быйыл 178 социалдык мекеме жана Түп-Кеген, Айгүл-Таш-Согмент-Таян унаа жолдору каржыланып, бүтүрүлөт.