Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Эрлан Алимбаев бүгүн, 30-мартта парламентте ант берди. Антында акыйкатчынын орун басары катары таза, эч кимге көз каранды болбой, мыйзамдын чегинде абийир менен иштей турганын айтты. Спикер Асылбек Жээнбеков Акыйкатчы институтунун ролу тууралуу пикирин билдирип, жаңы кызматка киришкен Алимбаевдин ишине ийгилик каалады.
Эрлан Алимбаев 1979-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Бир катар эл аралык уюмдарда иштеген. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун консультанты болуп иштеп турган.