Оппозициянын бүгүн, 30-мартта Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду. Бул тууралуу оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абылов билдирип, митинг 20-апрелге жылдырылганын айтты. "Жогорку Кеңештин тармактык комитети кечээ Аксы районундагы Үңкүр-Тоо маселесин карап, чечим кабыл алды. Башкы прокуратура аталган тоого байланыштуу өкмөттүн документин иликтеп, 20-апрелге чейин комитетке маалымат бере турган болду. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турууну чечтик",- деди Абылов.
Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарында өтө турган митинг да токтотулганы белгилүү болду.