Борбор калаада мас абалдагы аял өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:11 чамасында 10-кичи райондо аял өзүнө бычак сайганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери аял мас абалда өз өмүрүнө кол салып, өзүнө бычак сайганын аныкташкан. Тиешелүү медициналык жардамдан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген.