Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал чала таанышы ишенимине кирүү менен 70 миң сом акчасын карызга алып, бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 59 жаштагы И.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.