Борбор калаадагы кафелердин биринен 11 миң сомдук товарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 49 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 27-марттан 28-мартка караган түнү белгисиз адамдар Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафенин дааратканасынын эшигин талкалап кирип, 11 миң сомдук товарларын уурдап кетишкенин билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.У. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.