Грузиялык пианист Тамар Бабилуа фортепианодо 25 саат ойноп, улуттук рекорд койду. Анын жетишкендигин Грузиянын Рекорддор федерациясы каттады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 29-мартта жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, эксперимент аталган өлкөнүн Улуттук парламенттик китепканасында 28-март күнү саат 12:00дө башталып, 29-мартта 13:00дө жыйынтыкталган. Бул убакыт аралыгында пианист кыз өзүнүн жана дүйнөгө белгилүү композиторлордун 500гө жакын чыгармаларын аткарган.
Токтоосуз фортепианодо ойноп рекорд жаратууга Тамар Бабилуа өткөн жылы белсенген. Бирок дарыгерлер анын III даражадагы рак илдетине кабылганын аныкташкан. Катуу оорудан улам ал рекорд жаратуу кыялын кийинкиге калтырган.