Ысык- Көл облусу менен Израиль өлкөсүнүн "Дан Алон" компаниясынын ортосунда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган келишим түзүлдү. “Кол коюлган меморандумда жер-жемиштерди өстүрүү үчүн атайын теплицаларды куруу, ар түрдүү декоративдүү гүлдөрдү ачык жерде жана теплицада ѳcтүрүү, өсүмдүктөрдү чачуу жолу менен сугаруу системине өтүү каралган",- деп билдирет облус жетекчисинин басма сөз катчысы Назира Муканбетова. Аталган документте мал чарбасын өстүрүүнүн жолдору да каралганы айтылды.