Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, жаракат алган 47 жаштагы жаран каза тапты

Бишкек - Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-мартта саат 22:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 42-чакырымында Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы Ж.М. аттуу айдоочусу чыгыш тарапты көздөй кетип баратып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам 47 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну каза болуп калган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан