Бүгүн, 30-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын улуттук командасын 1:0 эсебинде утту. Кыргыз футболчулары атаандашын өз үйүндө жеңип, аларды күйөрмандарынын алдында намыска жыкты. Бүгүн мамлекетибиздин улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: "Тажикстанга каршы оюнда ийгилик биз тарапта болду, анткени Бишкектеги оюнга караганда каталарды аз кетирип, ийгиликтүү ойнодук",- деп билдирди.
Тажикстан тарап футболчуларынын кыргыз командасына утулуп калганына арданды. Оюндун эртеси Тажикстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги футбол боюнча курама команданын машыктыруучулар штабын кызматтан кетирди. Мунун себебин "улуттук курама Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөттү" деп түшүндүрдү.
Кыргыз футболунда келечек бар экенин улуттук кураманын акыркы оюндары ишенимдүү далилдеп жатат.
Парламентте премьер-министр Темир Сариев Аксыдагы Үңкүр-Тоо тууралуу маалымат берди. Бирок өкмөт башчынын маалыматын угуу алдында журналисттер залдан чыгарылды. Маселе жабык эшик артында талкууланды. Белгилей кетсек, аталган тоого байланыштуу маселени кечээ Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети да жабык форматта карап, бирок жыйынтыгы жарыяланган эле. Комитет мүчөлөрү тоонун башынан байланыш толкундарын таратуучу станцияны ордунан жылдырбоо, тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документ боюнча иликтөө жүргүзүү чечимин кабыл алышкан. Сариев жетектеген өкмөт "Үңкүр-Тоону Өзбекстанга караштуу деп тааныган документ жок" деп билдирүүдө.
Бишкекте бүгүнкүгө пландалган оппозициянын митинги токтотулду. Уюштуруучулар Үңкүр-Тоого байланыштуу өкмөттүн документин прокуратура текшермей болгонун, анын жыйынтыгын күтүү үчүн митинг токтотулганын билдиришти.
Талас шаарында үйлөрдүн биринен ымыркайдын жансыз денеси табылды. SUPER.KG порталына Талас облустук милициясынын билдиришинче, никесиз төрөлгөн ымыркайды энеси көчөгө таштап, изин жашырып кеткен. Кыргыздар мындайларды "күкүк эне" дешет. Азырынча кылмышка шектүү эне ким экени белгисиз, изделип жатканы кабарланды. Ымыркай шаардагы үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок абалда табылган.
Ырайымсыздык... Жашоого укуктуу дагы бир адамды өлтүрүштү. Төрөгөнү да, төрөткөнү да арабызда жүрүшкөндүр. Иштин жагдайын ачык айтуудан уялышты, намыстанышты, коркушту... Бирок баланын тагдыры менен эсептешкен жок. Адамгерчилик кылып жок дегенде бирөөнүн эшигине калтырып кетиши керек эле... Адистер никесиз төрөлгөн балдардын саны жыл сайын өсүп жатканын айтышууда. Көбүнчө жашы жете элек кыздар төрөшүп, балдарын таштап кетишери маалымдалат.
Балдардын зомбулук көрүшү боюнча дагы бир факт аныкталды. Сокулук районунун тургуну мас абалында 4 жаштагы кызын сабап салганын кыздын апасы Индира SUPER.KG'ге билдирди. Кыздын апасы күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылды. "Жумуштан келсем, 4 жаштагы кызымды атасы табарсыкка катуу нерсе менен чапканбы же тепкенби, көгөрүп калыптыр",- десе, сабалган кыз: "Атам мени урду, башым ооруп жатат",- деп айтып берди.
Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурунку башчысы Максат Чакиевди 3,6 жылга эркинен ажыратты. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган чиновникти 6 жылга кескен эле. Шаардык сот биринчи инстанцияда чыккан өкүмдү жумшартты. Чакиев “кызмат абалынан аша чапкандык” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча айыпталууда. Иштин чоо-жайы мындай: Чакиев 2014-жылы жарандардын бирине Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Департамент башчысынын бул кылыгы билинип калып, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине пара берип жатканда кармалган.
Мындай жазалар башкаларга сабак болбой жатат. "Пара алды" деп бүгүн Эшмат кармалса, эртеси Эшматтын жанында жүргөн Ташмат "паракор" деп кармалууда. Мындай тоготпостукка соттун катаал чечимдери сокку урушу керек эле. Бирок пара аларда же берерде эске түшүп, колду титирете турган өкүмдөр азырынча жокко эсе...
Ош жана Баткен аймактарында бүгүн таңга маал катуу шамал болуп, көптөгөн курулуштардын чатырларын учуруп кетти. Баткендин Исфана, Сүлүктү шаарларында, Лейлек районунда, Ош облусунун Кара-Суу районунун айылдарында катуу шамалдын кесепетинен жергиликтүү жашоочулар чыгымга учурашты. Курулуш материалдары кымбат болуп жатканда ашыкча түйшүк болгонун айтышууда тургундар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркаган жарандарга жардам болорун кабарлады, учурда жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүп, келтирилген чыгымдын суммасын тактап жатышат.
Президент Алмазбек Атамбаевге 9 мамлекеттин элчилери Ишеним грамоталарын тапшырышты. Жолугушууда мамлекет башчы элчилерди активдүү иштөөгө чакырып, буларды айтты:
"Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө элчинин салымы зор. Мисалы, бир европалык өлкөнүн мамлекетибиздеги элчиси бир жыл ичинде чоң иш жасаган, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн. Эгерде элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосунда мамилелер өнүкпөйт. Мындай да вариант болушу мүмкүн. Жаңы дайындалган элчилер менен жакшы иштешебиз деп үмүттөнөм".