Токмок шаарында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Токмок шааарынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын дүкөнүнүн темир торун бузуп, айнегин талкалап кирип азык-түлүк жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын суммасы 6 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну кармалып, анын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.