"Милициянын жаш досу" сынагында утуп чыккан №49-мектептин окуучулары сынактын республикалык баскычында Бишкектин намысын талашышат

Бишкекте окуучулар арасындагы "Милициянын жаш досу" сынагынын шаардык баскычы жыйынтыкталды. Сынактын жүрүшүнө мэриянын өкүлдөрү жана Бишкек ШИИББинин өкүлдөрү катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара окуучуларды туура тарбиялоо жана мектеп курагындагы балдардын кылмыш кылуусунун алдын алуу максатында уюштурулду. Анда окуучулар "Катарга тизилүүдөгү даярдык", "Келечектеги укук коргоочу" номинациялары жана дубал гезиттери боюнча жарышка түшүштү. Ошондой эле "Биздин жоокер дайым мыкты" сынагы жана милициялар тууралуу ырлар сынагы орун алды.

Сынакка февраль, март айларындагы сынактарда жеңүүчү аталган 4 райондун 6 топтон турган окуучулары катышты. Алар: Биринчи Май районунан №49-мектеп, Свердлов районунан №51-мектеп-гимназиясы, Ленин районунан №79 жана №93-мектеп, Октябрь районунан №39 жана №91-мектептер.

Жыйынтыгында №49-мектептин окуучулары жеңишке жетишишти. Экинчи орунду №79-мектептин окуучулары ээлесе, үчүнчү орунду №39-мектеп-гимназиясынын окуучулары багындырышты.

Жеңүүчү аталган команда "Милициянын жаш досу" сынагынын республикалык баскычында Бишкек шаарынын намысын коргомокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан