26-мартта КРнын Президенттик Аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинсти жана аталган программанын Кыргызстандагы жетекчиси Надежда Франкты кабыл алды. Жолугушууда Майкл Хаггинс Кыргызстандын мектептеринде тамак берүүнү колдоо жана өркүндөтүүнүн жаңы долбоору даярдалганын билдирди. Бул программа 3,5 жылга эсептелген жана эки баскыч менен ишке ашат. Биринчи баскычы 18 айга созулуп, Кыргызстандагы 250дөй мектептин 25 миңден ашык окуучусун камтыйт. Ошондой эле мектеп ашканаларын өзгөртүп куруу, аларды заманбап жаңы жабдуулар менен жабдуу да каралган.