Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө аскердик даярдык жүргүзүлүүдө

2016-жылдын окуу жылына карата түзүлгөн аскерлерди башкаруу органдарынын даярдоо планына ылайык, 1-марттан баштап өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарында Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө күжүрмөн даярдык жүргүзүлүүдө.

Башкы штабдан кабарлашкандай, иш-чараны уюштуруунун максаты - инженердик бөлүкчөлөрдөгү тапшырманы аткарууга карата таасир берүүчү талаа көнүгүүлөрүн жакшыртуу аркылуу чеберчиликтерди арттыруу.

Бир ай бою инженердик бөлүкчөлөрдүн командирлеринин жетекчилиги алдында өздүк курам менен инженердик чалгындоо, инженердик тосмолорду фортификациялык жабдууларды орнотуу, жардыруу ишинин негизинде суу менен камсыз кылуу пункттарынын жабдууларын чүмбөттөө, жергиликтүү объекттерди колго жасалган жардыруучу заттардан, жарылуу коркунучу бар нерселерден чалгындоо жана тазалоо боюнча практикалык сабактарды өтүшөт.

29-мартта машыгуунун жыйынтыктоочу этабында инженерлер техниканы жардыруу учурунда жана шагыл жолдорду инженердик чалгындоо учурунда инженердик чалгындоочу дозордун кандай болорун иштеп чыгышты. Автомобилдик кыймылды камсыз кылуучу отряддын аракеттери, кыймылды камсыздоо отряды, буктурмага кабылган учурда калкалоо тобу кандай аракеттенерин иштеп чыгышты. Табылган жарылуучу затты зыянсыздандыруунун жана механикалаштырылган ТММ-3 көпүрөсүн орнотуунун тажрыйбалары бекемделди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldar.
2016-03-30 16:14:56
Жакшы, жакшы. Жоктон көрү жогору.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан