Кытайда бокс боюнча Азия жана Океания чөлкөмү боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу эл аралык мелдеш өтүп жатат. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, кыргыз мушкерлери Эрмек Сакенов (64 килограмм салмакта), Эркин Адылбек уулу (81 кг) жана Азат Усеналиев (52 кг) мелдештин жарым финалына чыкты.
Жарым финалдык беттештер бүгүн, 31-мартта орун алат. Олимпиадага жолдомо мелдеште алдынкы 3 орунду ээлеген мушкерлерге берилет. Бул үчүн кыргыз мушкерлери дагы бирден беттеште утууга тийиш.