Бишкекте "алдоо жолу менен иштетип, маянасын бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Аламүдүн районунун 22 жаштагы Д.Е. аттуу тургуну кайрылган. Ал чала таанышы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кичи базарда алдоо жолу менен иштетип, 15 миң сом айлыгын бербей койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Байтик айылынын 26 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бир нече башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.