Токтогул районунда мындан 2 жыл мурун 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип издөөгө алынган жаран Бишкектен кармалды

Токтогул районунан 2014-жылы 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип изделип жаткан жарандардын бири 29-мартта Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-март күнү ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сотунун чечиминин негизинде Азамат Токтошов жана Максат Жумакалиевге "14 жаштагы кызды зордуктаган" деген шек менен издөө жарыяланган. Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында А.Токтошов кечээ борбордон кармалган.

Эскерте кетсек, аталган жарандар 2014-жылы "14 жаштагы кызды зордуктады" деп шектелип кармалышкан. Ошондой эле "бул кылмышты уюштуруп берген" деген шек менен жабырлануучунун жеңеси кармалган. Кылмышка шектүүлөр райондук соттун чечими менен акталышкан. Бул чечим менен макул болбогон жабырлануучу тарап Кара-Көл шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Кара-Көл шаардык сотунун чечими менен 18-мартта "кылмышты уюштуруп берген" деп айыпталган жеңеси 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми зордуктоо фактысына шектелген Ж.М. жана Т.А. аттуу жарандарга издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ханбийке
2016-03-30 18:31:06
райондук соттон кандайча акталыптыр. Ошо райондук соттун устунон да иш козгош керек эмне учун ачык айкын болуп турган нерсени кормоксонго салып куноолуулорду актайт? Тигилер оозун майлап салды да ошого актады да.
+7
A3A
2016-03-30 18:42:13
Ханбийке, эн туура!!!
+3
mr.sher
2016-03-30 19:30:47
Коррупция
+2
Isken.der
2016-03-30 19:43:55
20 жылга дегени чын эле болсунда...
+3
SamsungS6edge
2016-03-31 00:55:46
Женесинда 20тасына таштап коюш керек эледа
+1
mister_bond
2016-03-31 08:35:48
Эч кимдин башына мындай нерсени салбасын! тообо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан