Бишкектин Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 30-март күнү кечинде жеңил автоунаа күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, күйүп кеткен Мерседес үлгүсүндөгү унаа К.А.Абдылкасымовго таандык. Жол кырсыгына кабылган унаанын мотор тарабы күйгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери баргыча жаракат алган эки адамды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.