Баткенде катуу шамалдан зыянга учураган үйлөрдүн саны такталды

Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында катуу шамалдан зыянга учураган үйлөрдүн саны такталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, катуу шамал Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 41 үйдүн, 26 сарайдын чатырын учурган. Сумбула айылында 60 үйдүн, 31 сарайдын чатыры талкаланган. Лейлек районундагы билим берүү мекемелеринин имараттарынан 204 даана шифер талкаланып калганы айтылды.

Электр линиялары үзүлгөн айылдарда оңдоо иштери жүрүп, жашоочуларга электр энергиясы бериле баштаганын билдирет министрлик. Сүлүктү шаарында 110 үйдүн, 57 сарайдын шиферин шамал учуруп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dasta
2016-03-31 08:39:17
Ккдай сактасын жакшы иш болбоптур
0
KANAT85
2016-03-31 08:48:37
Шамалдын ылдамлыгы канча болду экен?
+1
Munar8625
2016-03-31 09:17:11
KANAT85, 35 40 болдуго дейм .
0
kg_boy__91
2016-03-31 11:45:50
Катуу болду уйкуну ача койду го
0
Jaachy
2016-03-31 15:25:31
Окмоттон кандай жардам берилет уйлорго элеби же сарайларга да шифер алып берет бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан