Чыныбай Турсунбеков Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси менен өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулады

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 30-мартта Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй менен жолугушту. Жолугушууда фракция жетекчиси: “Биздин Кытайга жасаган иш сапарыбыз ийгиликтүү болду. Кытайдын Коммунисттик партиясы менен Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын кызматташуусу тууралуу меморандумга кол коюу боюнча сүйлөштүк. Бири-бирибизге аймактар жана жаштар канаттары боюнча жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк”,- деп билдирди.

Элчи эки тараптуу кызматташтыкты мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга Кытайдын жетекчилиги кызыкдар экенин айтып, эки өлкөнүн башкаруучу партияларынын жакындан кызматташуусу, тажрыйба алмашуусу өлкөлөрдүн алакасын жакындатарын белгилегенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан