Чүй облусунда "дүкөндөрдүн биринен ири суммадагы акча каражатын уурдаган" деп шектелген жаран изделүүдө

Чүй облусунда "дүкөндөрдүн биринен ири суммадагы акча каражатын уурдап кетти" деп шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Чалдыбар айылынын 50 жаштагы М.Г. аттуу тургуну кайрылган. Ал 29-январда саат 23:50 чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз адам 900 евро жана 5000 сом акча каражатын уурдап кеткенин билдирген. Кылмышка шектүү дүкөндө орнотулган байкоочу камерага түшүп калган, учурда ага издөө жарыяланды. Эгер сүрөттөгү адамды кимдир бирөө тааныган болсо, Чүй ОИИББине билдирип койсоңуздар: (0312) 43-01-27, (0701) 02-22-13

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан