Сокулук районунда катталган жол кырсыгында айдоочу жана 5 жашар кыз каза тапты

Сокулук районуна караштуу Селекционное айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза таап, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Орок унаа жолунда Хонда Аккорд жана Хонда CRV үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Хонда CRV унаасынын 40 жаштагы Азамат Ш. аттуу айдоочусу жана 5 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) каза таап, 5 жүргүнчү (аты-жөндөрү такталууда) ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2016-03-31 22:50:39
Ай кудай ай абайлап айдашса болмок го (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан