SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Эчки электр зымына илинип калыптыр" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Zor_go).
Жүктөлгөн видеодон Грецияда эчки мүйүзү менен электр чубалгысына илинип калганын көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар шаты менен чыгып, аны араң аман алып калышты. Эчки зыянга учураган эмес. Анын кантип электр чубалгысына асылып калганын интернет колдонуучулары: "Жолдун чети дөңсөө жер болгондуктан, оттоп жүргөн жандык мүйүзү менен электр чубалгысына илинип калып, андан чыгууга аракет кылган сайын жылып отуруп асылып калган өңдүү",- деп болжошууда. Бул видеону жергиликтүү тургундар интернетке жүктөп, учурда 600 миңдей кишинин көңүлүн бурду жана кызуу талкууга алынууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.