Айым депутат камакка алынган Зумрад Жанабаевага колдоо көрсөтүүгө кесиптештерин чакырды

Жогорку Кеңештин 31-марттагы жыйынында вице-спикер Алтынай Өмүрбекова камакка алынган Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаевага колдоо көрсөтүүгө кесиптештерин чакырды.

Өмүрбекованын айтымында, парламент бул маселени өз көзөмөлүнө алыш керек. "Сотко, прокуратурага ишеним төмөн болгондуктан, жарандар депутаттарга кайрылып жатышат. Кайрылуулардын 70 пайызы соттордун чечимдерине байланыштуу. Жанабаева жакшы кадр, ал офицер айым. Мен аны принципиалдуу мыкты кызматкер катары жакшы тааныйм. Биз айымдар форуму тарабынан ага колдоо көрсөтүшүбүз керек. Аны кызматтан кетирүүгө айрым күчтөр болушу мүмкүн",- деди Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2016-жылдын 17-апрелине чейин СИЗОго отургузуу боюнча токтом чыгарган. 28-мартта Жанабаева ишемиялык инсультка кабылып ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан