Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөрдүн биринин башчысы “1 миллион сомдон ашуун акча каражатты мыйзамсыз түрдө ыйгарып алган” деп шектелүүдө

Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөрдүн биринин башчысы “1 миллион сомдон ашуун акча каражатты мыйзамсыз түрдө ыйгарып алган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтү футбол аянтчаларын куруу боюнча тендер жарыялап, анын жеңүүчүсү катары “Шер-Курулуш” ЖЧКсы табылган. "Көк-Мойнок 1" жана "Көк-Мойнок 2" айылдык кеңештеринде эки футбол аянтчасын курууга мамлекеттин бюджетинен 4 миллион 499 890 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Курулуш иштери аяктаган соң ЖЧКнын жетекчилиги жана айыл башчылары мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаты толугу менен сарпталганын билдиришкен. Бул боюнча 2016-жылдын февраль айында тиешелүү органдар тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада аталган кызмат адамдары мыйзамсыз түрдө 1 миллион 672 200 миң сом акча каражатын ыйгарып алышкандыгы аныкталган. Бул факт боюнча 30-мартта “кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Magusi
2016-03-31 16:20:15
Ой Беш колду тен салгангоо.Бир аз эле албаптырда.
+1
nurkasym-2014
2016-03-31 20:09:01
Кыргыздар бизге олум жазасы жана катуу тартип болмойюунча чондорубуз элдин ырыскысын жегени жеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан