Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 5, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Каракол шаарында жайгашкан дыйкан чарбалардын биринен өрт чыкты. Анда Фучик көчөсүндөгү дыйкан чарбасынын аймагындагы жыгач устундуу, темир жабылган, 130 чарчы метр, эки кабаттуу курулуш чарбасы жана 500 түк чөп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.