"Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаеваны СИЗОго отургузуу боюнча соттун чечими өтө оор чара". Мындай пикирин бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
Анын айтымында, сот айыпталуучу адамдын турган жери бар болгонун эске алышы керек эле. "Бул адам "мыйзамсыз" делген буйрук чыгарганы үчүн айыпталууда. Бирок бюджеттен акча уурдагандарды үй камагына чыгаруу боюнча чара каралган фактылар бар. Укук коргоо жана сот органдары бул маселеге көңүл буруп, Жанабаевага карата чараны өзгөртүүнү кайра карап чыгышы керек",- деди Алтыбаева.
Эскерте кетсек, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2016-жылдын 17-апрелине чейин СИЗОго отургузуу боюнча токтом чыгарган. 28-мартта Жанабаева ишемиялык инсультка кабылып ооруканага түшкөн.