50 жаштагы аял Бишкектин 6-кичи районундагы үйлөрдүн биринин 9-кабатынан кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 31-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 08:10 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө “көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аял кулап түштү” деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге жандандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 50 жаштагы аял каза болуп калганын аныкташкан. "Маркум эмне себептен кулап түшкөнү белгисиз" деп айтылат маалыматта.