Бишкек шаарында айдоочу велосипедчен кызды сүзүп, ал ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 21:04 чамасында Алымкулов көчөсүнөн айдоочу велосипед менен кетип бара жаткан 17 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Аталган дарекке барган “Тез жардамдын” кызматкерлери жабырлануучуга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен.