Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-мартта милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 49 жаштагы Т.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал 18-мартта саат 17:00 чамасында борбордогу кафелердин биринен анын кызын чала таанышы уруп, уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 18 жаштагы С.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүнүн дагы бир нече кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.