Депутат Нурбаев парламенттин кечээки жабык отурумунда Темир Сариев эмне деп билдиргенин айтты

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жабык отурумунда премьер-министр Темир Сариев "Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча эч кандай протокол болгон эмес" деди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган отурумга катышкан депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы депутаттардан элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды. "Башкы прокуратура талаш-тартыш чыгарган документтер боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгын 2016-жылдын 20-апрелинде чыгармакчы",- деди Нурбаев.

Айта кетсек, Башкы прокуратурага төмөнкү тапшырмалар сунушталган:

  • Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана станциянын ишин күчөтүү.
  • Бул боюнча өлкө жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  • Башкы прокуратурага премьер-министр өткөргөн кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү.
  • Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине аталган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүүсү зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан