Бишкек шаарында "сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштурган" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында борбордогу сойкуканалардын биринин уюштуруучусу кармалды.
Сойкукана борбордогу Мамбетов көчөсүндө жайгашып, аны европа улутундагы 35-45 жаштар чамасындагы аял уюштурганы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруп, ар бир кыздан 500 сомдон акча алып келген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.