Ысык-Көл облусунун Тоң районунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-март күнү түнкү саат 01:15 чамасында “Бөкөнбаев айылында бир адам бычак менен жаракат алды” деген маалымат аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер "Айдың-Көл" дүкөнүнүн жанынан бычак мизинен жаракат алган адам 35 жаштагы Ж.Азат аттуу жаран экенин аныкташкан.
Жабырланган адам райондук ооруканага жеткирилип, тиешелүү жардам алган.
Иликтөө иштеринин алкагында аталган фактыга шектүү катары ошол эле айылдын 17 жаштагы тургуну
М.Акбар кармалган. Кармалган өспүрүм күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылмышка жабырлануучу адам менен өз ара пикир келишпестиктен улам барганын билдирген.
Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп, шектүү катары кармалган өспүрүм эч жакка кетпөө тил катынын негизинде коё берилди.